Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын алтынчы чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясынын заседаниеси
2020-жылдын 23-январы № 2
Чоң-Алай районунун аймагында Чоң-Алай мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу үчүн Жекенди айылдык аймагынан жер бөлүп берүү жөнүндө
Чоң-Алай районунун аймагына Чоң-Алай мамлекеттик паркын уюштуруу үчүн Жекенди айылдык аймагынан жер бөлуп берүү максатында Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай районунун аймагына Чоң-Алай мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу үчүн Жекенди айылдык аймагынан Көлдүк жана Көбүргөндү жайлоолорунун Тажик Республикасы менен чектешип турган аймактарына чейинки жайыт жана жайлоо үчүн пайдаланылбаган жерлерден 2 700 га жер аянтын бөлүп берүү үчүн уруксат берилсин.
2. Тийиштүү документтерин даярдоо жана жерди чектеп бөлүп берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Колдошовго жана жер жана турак-жай маселелери боюнча башкы адис Ы.Матраимовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылууну Агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Маматбековго жүктөлсүн.
Төрага | С. Халилов |