Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын алтынчы чакырылышынын кезексиз он сегизинчи сессиясы
2020-жылдын 1-сентябры № 8
Жекенди айылдык аймагында 2020-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн статьялардын акча каражатын башка статьяларга жылдыруу жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагында 2020-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн статьялардын акча каражатын башка статьяларга жылдырылсын.
2. Жекенди айылдык аймагында 2020-жылдагы жергиликтҮҮ бюджетине 1 тиркемеге ылайык өзгөртүү киргизилсин.
3. Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы А.Кошоевге жүктөлсүн.
Төрага | С. Халилов |