Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 23-1
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, 2021-жылдын бюджетин жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, 2021-жылдын бюджетин жана 2022-2023 - жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын, айылдык кеңештин төрагасынын, жооптуу катчысынын жана маданият тармагындагы кызматкерлеринин штаттык санын бекитүү жөнүндөгү маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен 2020-жыл ичинде такталган пландардын негизинде киреше бөлүгү 50 413,6 млн. сомго жана чыгашы бөлүгү 36 299,2 млн.сомго (мындан калдык эсеби жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү - 414, 1 миң сом) бекитилсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылга карата киреше бөлүгү 39 039,1 миң сомго, ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгү 39 039,1 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен 8025,0 млн. сом теңдөөчү гранттын эсебинен, 4 320,0 миң сом атайын эсептин эсебинен.
3. Айыл өкмөтүнүн резервдик фондуна 347,1 миң сом ажыратылсын.
4. Айыл өкмөтү, жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип чыккан зарыл болгон финансы-экономикалык маселелерди чечүүдө айылдык кеңештин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясы менен өзгөртүүлөр киргизүүгө уктуу .
5. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы кызматкелеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07 2013-жылдагы № 403-токтомунун, 05.02.2020-жылдагы № 64-токтомунун негизинде бардыгы - 45 штат кызмат орду бекитилсин. Мындан: 1 штат айылдык кеңештин төрагасы жана 1 штат жооптуу катчысы, 6 штат айыл башчылар, 7 штат АКС (ВУС) инспекторлор, 4 штат техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлер, 6 маданият тармагындагы кызматкерлер бекитилсин.
6. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджеттин долбоору: 2022-жылга киреше бөлүгү 38 801,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү 38 801,4 миң сомго жана 2023-жылга киреше бөлүгү 39 056,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 39 056,5 миң сомго бекитилсин.
7. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |