Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 23-2
Айылдык кеңештин 27.10.2020-жылдагы кеңейтилген отрумунун протоколунун чечимин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы күн тартибиндеги:Айылдык кеңештин 27.10.2020-жылдагы кеңейтилген отрумунун протоколунун чечимин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айылдык кеңештин депутаттарынын 27.10.2020-жылдагы кеңейтилген отрумунун протоколунун чечими бекитилип, Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы КБСнын (кайра бөлүштүрүү фондунун) жерлеринин баштапкы баасы, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) 2015-жылдын 23-июлундагы XIV сессияынын № 88-токтомун менен бекитилген төмөнкүдөй баада бекитилсин:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы КБФсынын көп жылдык бак-дарактар жерлеринин ижаара мөөнөтү 20 жылга бекитилсин жана ижара акы ар бир гектар үчүн башталгыч баасы 1000,0 дон белгиленсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы КБФсынын сугат жерлеринин ижаара акыларынын башталгыч баалары жерлердин шарттарына жараша айылдар боюнча төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-Ишкаван айылындагы – 78,65 га жерге - 4000,0 сомдон,
-Кызыл-Кыштак айылындагы – 14,70 га жерге – 4000,0 сомдон,
-Коммунист айылындагы – 37,10 га жерге – 4000,0 сомдон,
-Коммунист айылындагы – 6, 60 га жерге – 3000,0 сомдон,
-Коммунист айылындагы – 10,06, га жерге – 2500,0 сомдон,
-Коммунист айылындагы – 64,04га жерге – 2000,0 сомдон,
-Коммунист айылындагы – 5,30га жерге – 1500,0 сомдон,
-Жаңы-Турмуш айылындагы – 3,50 га – 2000,0 сомдон,
-Жаңы-Турмуш айылындагы – 7,5 га – 1600 сомдон,
-Жаңы-Турмуш айылындагы – 2,10 га 4000,0 сомдон,
-Кызыл-Байрак айылындагы – 9,00 га -3000,0 сомдон,
-Кызыл-Байрак айылындагы – 5,70 га -2000,0 сомдон,
-Керме-Тоо айылындагы – 44,75 га -1600,0 сомдон.
3. КБФсынын жерлери майыптарга ижаара акысынын башталгыч баасынан 20,0% арзандатылып түздөн-түз берилсин.
4. Ооган согушунун катышуучуларына 4,0 га жер ижара акысы ар бир гектарына 1000,0 сомдон түздөн-түз берилсин.
5. КБФсынын кайрак айдоо жерлеринин ижаара акыларынын башталгыч баалары ар бир гектар үчүн 600,0 сомдон бекитилсин,
6. КБФсынын кысыр аңыз (залеж) жерлеринин ижаара акыларынын башталгыч баалары ар бир гектар үчүн 1000,0 сомдон бекитилсин,
7. Фермердик чарбаларга берилген жерлердин ижара акысы, ижара акылардын орточо басында келишим түзүлсүн.
8. Депутаттар тарабынан айтылган төмөндөгү сунуштар: ижарага берилген жер субарендага берилбөөсү, биринчи кезекте айыл аймагында жашаган жарандарга берүү, ар бир жаранага ижарага берилүүчү жер аянты бир гектардан ашпоосу жана ижара акын, салыктарын, соцфондго ошондой эле сууга төлөнүүчү төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөндөрдү аукцонго катыштырбоо жагы эске алынсын.
9. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
10. Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча жана финансы боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |