Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 23-3
Айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясынын отрумдарынын протоколдорунун чечимдерин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын отрумдарынын протоколдорунун чечимдерин бекитүү жөнүндөгү маселелерди карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясынын 26.11.2020-жылдагы отурумунун протоколунун чечими бекитилип:
-Айыл өкмөтүнүн бюджетинен Рахманова Гульнаранын арызында суралган 30 000 сом акчалай жардам көрсөтүлсүн.
2. Айылдык кенешинин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясынын 01.12.2020-жылдагы отурумунун протоколунун чечими бекитилип:
-Сүрөттүү-Таш участкасындагы участкалык милициянын контейнер-офиси 127 200 сомдук баланстык баасы менен айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
-Участкалык милициянын контейнер-офисинин ремонтоого сметанын негизинде 50,0 миң сом акча каражатын ажыратылсын.
3. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкүмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |