Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 23-4
Айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясынын жана жалпы отрумдун протоколдорунун чечимдерин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жана жалпы отрумдарынын протоколдорунун чечимдерин бекитүү жөнүндөгү маселелерди карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясынын жана жалпы отрумундарынын 24.12.2020-жылдагы протоколдорунун чечимидери бекитилип:
-Айылдык кеңешинин депутаттарынын ден-соолугун чыңдоого 310,0 миң сом ажырытылсын,
-айылдык кеңештин бөлмөсү тар болуп тийиштүү шарт болбой жаткандыктан салык бөлүмүнүн бөлмөсү ажыратылып берилсин. Аны жаңы эмеректер (стол,стул) компьютердик жабдуу жана көрнөк жарнактар менен жасалгалоого жалпысынан 200,0 миң сом ажыратылсын,
-салык бөлүмү айылдык кеңештин бөлмөсүнө жана калкка кызмат көрсөтүүчү “бирдиктүү терезе” бөлмөсүнө которулсун,
- Кызыл-Байрак айылынын тургуну, экинчи тайпадагы майып Алматов Эркинге 10,0 миң сом колдоокөрсөтүлсүн,
-Ишкаван айылынын тургуну Мырзакаримова Гулнараг ден соолугуна байланыштуу операция жасатууга 5,0 миң сом колдоо көрсөтүлсүн.
2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкүмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |