Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 23-7
Сүрөттүү-Таш участкасында спорт аянтчасына ажыратылган жер аянтына жабык спорт зал курууга макулдук берүү жөнүндөгү
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Сүрөттүү-Таш участкасында спорт аянтчасына ажыратылган жер аянтына жабык спорт зал курууга макулдук берүү жөнүндөгү маселеле боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 10-декабрындагы отурумунунун чечимин карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Сүрөттүү-Таш участкасындагы спорт аянтчасына ажыратылган жер аянтына жабык спорт зал курууга макулдук берилсин.
2. Бул чечимди аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |