Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 23-8
Жаңы-Турмуш айыландагы Киров атындагы көчөгө эмгектин ардагери Нематов Ибайдулланын атын коюу жөнүндөгү
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаңы-Турмуш айыландагы Киров атындагы көчөгө эмгектин ардагери Нематов Ибайдулланын атын коюу жөнүндөгү маселени карп чыгып талкуулап, айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө” боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 10-декабрындагы отрумунунун чечимин бекитип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаңы-Турмуш айыландагы Киров атындагы көчөнүн аты өзгөртүлүп Ибайдулла Нематовдун аты берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |