Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көлдүк айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 14 сессиясы
2020-жылдын 15-февралы № 81
Жеригиликтүү бюджетине кошумча каржат кароо боюнча бекитүү жана Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2020-жылга айыл өкмөтүнүн атайын каражаты боюнча бекитүү жөнүндө
Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча каражат кароо боюнча 01.01.2020-жылга айланма кассалык калдык (оборотный кассовые наличности) 504,7 миң сом өлчөмүндө калдыктан жана Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы атайын каражаты боюнча кошумча каражат кароо боюнча 01.01.2020-жылга айланма кассалык калдык 0,1миң сом өлчөмүндө калгандыктан кароо жөнүндө маселени айылдык кеңештин бюджет, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көлдүк айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндө 01.2020-жылга калган калдык 504,7миң сом (беш жүз торт миң жети жүз сом) өлчөмүндө болгондуктан бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине жумшалсын.
2. Кошумча акча каражатынын эсебинен аппараттык башкармага 120,0миң сом (бир жүз жыйырма миң) сом, билим берүү тармагына 120,0миң (бир жүз жыйырма миң) сом, турак жай коммуналдык чарбаларга 224,7 миң (эки жүз жыйырма төрт миң жети жүз сом) социалдык жактан коргоо тармагына 70,0 (кырк) миң сом өлчөмүндө акча каражаты бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине жумшоо үчүн бөлүнсүн.
3. Көлдүк айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын киреше бөлүгүндө 01.2020-жылга калган калдык 0,1миң сом (жүз сом) өлчөмүндө болгондуктан 0,1миң сом (бир жүз сом ) башкаруу тармагына бөлүнсүн жана муктаж болгон беренелерге жумшалсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Нурали уулу Алманбет |