Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясы
2019-жылдын 20-декабры № 95
“Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Байбичедеги «Тармал» участкасындагы жерлерди которуу жөнүндө”
Ак-Жар айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 4.7.9.10.13.25.31.статьялары менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн көмүр өндүрүү өнөр жайын өнүктүрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Байбиче участкасындагы «Тармал» ЖЧК Кара-Дөбө кенин казып иштетүү үчүн убактылуу лицензиясынын убагы көрсөтүлгөн 2018-жыл 2-апрелине чейин пайдаланууга 131,81га (бир жүз отуз бир га сексен бир сотых) гектар жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин» категориясына которуу жагы Өзгөн райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
2. «Тармал» жоопкерчилиги чектелген коому төмөндөгүлөрдү камсыз кылсын:
-КР мыйзамдарына ылайык жалпы салыктын түрлөрүн Ак-Жар айыл өкмөтүнүн канасына төгүүнү
-КРӨ тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун тултурууну.
-берилген жер участкаларына карата экологиялык жана техникалык коопсуздукту жер казынасын сактоо жана иш жүргүзүүдө КР жаратылышты коргоо мыйзамдарындагы ченемдерди жана талаптарды сактоону.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Тургунбаев |