Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясы
2019-жылдын 20-декабры № 96
“Ак-Жар айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Ак-Жар айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишимине макулдук берилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Култаев Жумалы Жолоевич бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтом Ак-Жар айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Б.Тургунбаев |