Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясы
2019-жылдын 20-декабры № 97
“Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери жөнүндө” “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматтарын жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Өзгөн социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге карата макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Тургунбаев |