Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясы
2019-жылдын 20-декабры № 98
“Айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылдык клубуна директорлук, Семиз-Көл айылдык клубуна кароолчу штаттарын киргизүүнү сунуштоо жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кеңеши элдин маданияятка болгон кызыгуусун арттыруу, өздүк көркөм чыгармачылык таланттардын өнөрлөрүн чагылдыруу иштерин уюштуруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтунө караштуу Какыр айылындагы кароосуз калган клубка директорлук, Семиз-Көл айылдык клубу айыл үчүн жападан жалгыз маданий борбор экендиги эске алынып, тейлөө, эмеректерди сактоо иштерин жөнгө салуу максатында кароолчулук штаттарын киргизип берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылдык клубуна директорлук,Семиз-Көл айылдык клубуна кароолчу штаттык сандын чегинде бекитип берүү жагы райондук маданият бөлүмүнөн суралсын.
3. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылдык клубуна директорлук, Семиз- Көл айылдык клубуна кароолчу штаттарын каржылоо жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси К.Максутовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы К.Турдумаматовго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Тургунбаев |