Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 100
“Ак-Жар айыл өкмөтүнүн “Байбиче” жайлоосуна кире беришиндеги, суу жеп кеткен таштак жер аянты жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги, “Кыргыз Мамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик долборлоо институту мамлекеттик ишканасы Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 13.12.2019 №01-8/5-06-15/129 тактамасы боюнча жана бул жер аянты боюнча жер адиси Б.Кыдыргычовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке ишкер К.Р.Чокубаевге “Байбиче” жайлоосуна кире бериш, суу жеп кеткен таштак жерден балык чарбасын жана эс алуу жайын уюштуруу үчүн 0,60 га жер аянты (шифр №3524) 5 жылдык мөөнөткө ижарага берүү жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Көрсөтүлгөн жерде жер көчкү же башка өзгөчө кырдаал жоктугу белгиленип, экологиялык б.а. санитардык эпизоотиялык эрежелерди так сактап, өнөктөшттүк мамилени кармануу, ижара акысын кечиктирбей өз убагында төгүп баруу жактары ж.б. мыйзамдуу түрдө жеке ишкер К.Р.Чокубаев менен айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге карата макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тургунбаев |