Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-августу № 20/1
Ой-Тал айыл өкмөтүндө жарым жыл ичинде салыктын бардык түрлөрүнүн жыйналышынын абалы жөнүндө
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кенешинин кезектеги 20-сессиясынын (6- шайланган) жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ой-Тал айыл өкмөтүндо 2020-жылдын жарым жылдын жыйынтыгы менен салыктын бардык түрлөрүнүн жыйналышы боюнча айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Э.Койчуевдин маалыматы көнүлгө алынсын.
2. Маалыматта белгиленген кемчиликтерди тез аранын ичинде четтетүү жагы айыл өкмөтүнүн тиешелуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин социалдык маданий,билим берүү,спорт,миграция,туризм, саламаттыкты сактоо,коммуналдык менчик,маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык –экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Абдикеримов |