Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-августу № 20/2
Айыл өкмөтүнүн аймагында малдар арасында жугуштуу ооруулардын алдын алуу жана аларды эмдөөдөн өткөрүү боюнча жүргүзүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кенешинин кезектеги 20-сессиясынын (6- шайланган) жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында малдар арасында жугуштуу ооруулардын алдын алуу жана аларды эмдөөдөн өткөрүү боюнча жүргүзүп жаткан иштердин абалы боюнча айыл өкмөтүнүн ветеринардык иштер боюнча жетектөөчү адиси М.Ысаковдун маалыматы көнүлгө алынсын.
2. Маалыматта белгиленген кемчиликтерди тез аранын ичинде четтетүү жагы айыл өкмөтүнүн ветеринардык кызматкерлерине жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин агрардык азык-түлүк,айыл жана суу чарба,жерге жайгаштыруу, жер жана жер рессурстары,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Абдикеримов |