Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-январы № 22.2
Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыевдин 2020-жылдын ичинде аткарылган иштери жана 2021-жылга түзүлгөн иш пландары жөнүндө
Капчыгай айыл аймагынын социалдык –экономикасын көтөрүү максатында Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыевдин 2020-жылдын ичинде аткарган иштери жана 2021-жылга түзүлгөн иш милдеттери тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл аймагынын социалдык –экономикасын көтөрүү максатында Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыевдин 2020-жылдын ичинде аткарган иштери жана 2021-жылга түзүлгөн иш милдеттери тууралуу маалыматы айрым кетирилген кемчилдиктерди эске алуу менен «Канааттандыраарлык» деп табылсын.
2. 2021-жылдын ичинде Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыевге төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
-айыл өкмөттүн аймагындагы түзүлгөн стратегиялык жана социалдык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;
-жамааттык топтор,бей өкмөт уюмдар менен терен байланышта иш алып баруу;
-жайыттарды,эгин талааларын коргоону жөнгө салуу;
-социалдык обьектилердин өз денгээлинде күтүлүшүнө көнүл буруу;
-калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Капчыгай айылдык Кенешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрайым | П. Сайдилканова |