Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-январы № 23.1
Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2021- жылга түзүлгөн милдеттери жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Н.Эстебесовдун маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2021-жылга түзүлгөн милдеттери тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы Н.Эстебесовдун маалыматы жактырылсын.
2. 2021-жылга Капчыгай айыл өкмөтүндөгү Жайыт комитетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 80.0 ( сексен мин ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине караштуу мал башына жайыт акы өлчөмү төмөндөгүдөй белгиленсин:
Бодо малга – 50 сом
Жандык малга – 10 сом менен,
ал эми башка айыл өкмөттөрдөн келген
бодо малга - 150 сом
жандык малга – 30 сом
4. Жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Эстебесовдун жүктөлсүн.
5. Жайыт комитетине жана ар бир айылдын айыл башчыларына (Кара-Таш Сары-Бээ, Терек-Суу жана Ничке-Суу) төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
-сырттан келген малдын башын тактап жана алардан салык өндүрүү;
-жайыттарды туура бөлүштүрүү;
-өз убагында элдерди жайлоого көчүрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-жайлоого кеткиче малдын башын тактап эсепке алуу;
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык Кенешинин агрардык,азык-түлүк,жер жана жер ресрустары,жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына ( К.Кебеков) жүктөлсүн.
Төрайым | П. Сайдилканова |