Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-декабры № 24/2
Кашка-Жол айылдык аймагынын Жийде айылынын «Селикан-Апа» таза суу муниципалдык ишканасынын суу кампасына 0.16 га жер тилкесин бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кашка-Жол айылдык аймагынын Жийде айылынын «Селикан-Апа» таза суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Орозмамат уулу Бексултандын суу кампасынын айланасын тосуу үчүн 0.16 га жер тилкесин бѳлүп берүү жѳнүндѳгү маалыматтын угуп жана такуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жийде айылынын «Селикан-Апа» таза суу муниципалдык ишканасынын суу кампасынын айланасын тосуу үчүн 0.16 га жер тилкеси бѳлүп берилсин,
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин агрардык, азык түлүк, жер жана жер ресурстары жаратылышты коргоо боюнча турукуу комиссиясына жана Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн жер, турак-жай,коммуналдык маселелер жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар боюнча адис С.Турдуевке тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |