Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-декабры № 24/3
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин депутаттары Суранбаев Бекташты, Бакиров Жамшитти Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына жана Кашка-Жол айылдык Кеңешинин депутаттары Маткасымов Эрмаматты, Дѳѳлѳтов Айдарбекти, Эрмекбаева Эльмираны Ардак граматага кѳрсѳтүү жѳнүндѳ
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги жыйырма тѳртүнчү сессиясы , Кашка-Жол айылдык Кеңешинин ѳз алдынча башкаруу жааматынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жана Ардак граматага кѳрсѳтүү жобосуна ылайык, маданий иш жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 27.12.2020-жылдын № 4 протоколунун негизинде айылдык Кеңештин депутатты Ыдырысов Анарбайдын сунушун талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айылдык Кеңешинин депутаттары Суранбаев Бекташты, Бакиров Жамшитти Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн “ Ардактуу атуулу” наамына жана Кашка-Жол айылдык Кеңешинин депутаттары Маткасымов Эрмамат, Дѳѳлѳтов Айдарбек, Эрмекбаева Эльмира Ардак грамотага кѳрсѳтүлсүн.
2. Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмүнѳ «Ардактуу атуул» -деген тѳш белги жана Ардак грамота үчүн финансы маселесин чечүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун ишке ашышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин Маданий иш жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |