Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-декабры № 24/4
Асыл тукум бал аары энелерин чыгаруучу буфердик аймагын башка жакка жылдыруу жѳнүндѳ
“Каринка” бал аары энелерин чыгаруучу буфердик аймак алуу үчүн Кашка-Жол айыл аймагына караштуу “Беш-Терек” жайлоосунун Беш-Терек участкасынан “Бал” аарычылар кооперативинин жер сурап жаткандыгын колдоо максатында Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VI чакырылышынын) жыйырма тѳртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Каринка”бал аары энелерин чыгаруучу буфердик аймак алуу үчүн Кашка-Жол айыл аймагына караштуу “Беш-Терек” жайлоосунун Беш-Терек участкасына жайгаштырууга уруксат берилсин.
2. Бѳлүнгѳн жерди мал жайытка тоскоолдук келтирбей, кашалап тоспо жагы аарычыларга эскертилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн жайыт комитетинин тѳрагасы Ж.Бакировко жана жер, турак жай, коммуналдык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар боюнча адиси С.Турдуевке тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |