Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-декабры № 98
Зергер айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча айылдык кеңешинин “Финансы,Экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери,боюнча туруктуу комиссиясынын” кароосунда каралып, Зергер айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн сунуштарын угуп жана талкуулап Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 4 кварталына төмөндөгү тармактарына өзгөртүү киргизилсин.Башкаруу тармагынын төмөндөгү статьяларга каржылоого алынсын 2212 5,1 сом, 2215 60,0 сом,2224 статьясынан 12,7 сом кыскартылсын, бала бакча тармагынын төмөндөгү статьяларга каржылоо алынсын 2215 13,3 сом жана төмөндөгү статьялардан кыскартылсын 2218 73,5 сом, 2222 7,7сом ,2224 4,0 сом, 2221 3,1 сом билим берүү тармагынын 2215 статясынан 67,5 сом,2222 130,7 сом кошумча каржылоого жана 2224 статясынан 198,2 сомго кыскартылсын, Социалдык коргоо тармагынын 2721 статьясынан 22,6 сом кошумча каржылоого алынсын.
2. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Финансы,Экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Кулушов |