Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-декабры № 99
Зергер айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн 2021-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү,2022-2023-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык кеңешинин “Бюджет финансы,салык жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясында алдын ала каралып,алардын сунуштарынын негизинде Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 11034000 сомго чыгашалар бөлүгү 11034000 сомго бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү 2022-жылга 11235700 сомго,2023-жылга 11391800 сомго белгиленсин.
3. 2020-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) Жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн ,салык агенттиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жергиликтүү бюджеттерге 100 % өлчөмүндө белгиленсин.
б) Ыктыярдуу патент негизиндеги салыктан,милдеттүү патенттөөнегизиндеги салыктан,бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100% пайыз өлчөмүндө;
в) Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди ,алтынды,мунайды,газды кошпогондо,роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине 50% өлчөмүндө;
г) Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан(бонустар) республикалык бюджетке 50%өлчөмүндө белгиленсин.
4. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөттүн резервдик фонду 100000 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Айыл өкмөтүнө 2021-2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы ,социалдык фондго чегерүү,тамак аш,дары-дармек милдеттүү медициналык касыздандырууларга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар(электр энергия,көмүр,суу)боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7 .Айыл өкмөтү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана комунналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
8. Айыл өкмөтү тарабынан максаттуубагытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
9. Казына сметасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыйуу салынсын.Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынары белгиленсин.
10. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность)айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2021 -жылга 80000 сомго белгиленсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин”Бюджет,финансы салык жана социялдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Кулушов |