Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-декабры № 101
Аюу айылындагы курулуш башталып 2017-жылы кырсыктын кесепетинен токтотулган Б.Тешебаев атындагы орто мектебинин мурунку имаратын айыл өкмөтүнүн балансына алып, айыл элинин муктаждыгына пайдалануу өтүнүчү менен кайрылган Аюу айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Аюу айылындагы курулушу башталып 2017-жылы кырсыктын кесепетинен токтотулган Б.Тешебаев атындагы орто мектебинин мурунку имаратын айыл өкмөтүнүн балансына алып,айыл элинин муктаждыгына пайдалануу өтүнүчү менен кайрылган.Аюу айылынын тургундарынын кайрылуусун карап талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аюу айылындагы курулушу башталып 2017-жылы кырсыктын кесепетинен токтотулган Б.Тешебаев атындагы орто мектебинин мурунку имаратын мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн балансына алуу, айыл элинин муктаждыгына пайдалануу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Кулушов |