Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-декабры № 103
Зергер айылындагы А.Турабаев атындагы орто мектебинин капиталдык ремонтуна өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча айылдык кеңешинин“Финансы,Экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери,боюнча туруктуу комиссиясынын” кароосунда каралып, Зергер айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн сунуштарын угуп жана талкуулап Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетини билим берүү тармагынын 3111 статьясынан Зергер айылындагы А.Турабаев атындагы орто мектебинин капиталдык ремонтуна өздүк салым үчүн 1090732(бир миллион токсон мин жети жүз отуз эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Финансы, Экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Кулушов |