Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кеңешинин 6 чакырылыштагы кезексиз 19-сессиясы
2020-жылдын 19-июну № 51
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тартиптик чараларды көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2020-жылдагы иш планы боюнча, Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январынан 2019 –жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына аудит жүргүзүлүп, жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн кээ бир жооптуу кызматкерлеринин кетирген кемчилдиктери жөнүндөгү 2020-жылдын 10- июнундагы №01-08Ү 146 жазма буйругун карап чыгып, жана талкуулап Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү жайыттарды натыйжалуу пайдалануу менен жайыт төлөмдөрүнүн кирешелерин максималдуу өлчөмдө жыйналышын толук камсыз кылбагандыгы үчүн жайыт комитетинин төрагасы К.Шерматовго эскертүү берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн КБФ нун жерлерин натыйжалуу пайдаланылбагандыгы жана бюджеттик жоготууларга жол бергендиги үчүн жер адис Д.Примбердиевге эскертүү берилсин.
Төрага | М. Камалов |