Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-январы № 58
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин отчетун берүү жана кошумча 2020- жылдын эсебинен үнөмдөлгөн 1941,6 миң сом акча каражатын КР Бюджеттик кодексине ылайык бөлүштүрүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин отчетун берүү жана Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын эсебинен бюджеттен үнөмдөлгөн 1941,6 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» 99-беренесинин 2-пунктуна жана ушул эле кодекстин 102-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде финансы экономика боюнча коммиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кара-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн берилген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2020- жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалар боюнча 1941,6 миң сом акча каражаты төмөндөгү бөлүмдөргө жумшалсын.
-ЖКХ бөлүмүнө(70629) 1941,6 млн сом.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин финансы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Камалов |