Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-февралы № 2
Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын 1-январына карата үнөмдөлгөн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын 1-январына карата үнөмдөлгөн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын 1-январына карата үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен:
-"Али-Хан" ЖЧК ишканасына- 99 500 (токсон тогуз миң беш жүз) сом;
-"Азрет-Умар" ЖЧК ишканасына-235 020 (эки жүз отуз беш миң жыйырма) сом;
-"Ноокат Интернет" ЖЧК ишканасына-22 360 (жыйырма эки миң үч жүз алтымыш) сом;
-"Омор Плюс " ЖЧК ишканасына-162 240 (бир жүз алтымыш эки миң эки жүз кырк) сом;
-" НМА Групп" ЖЧК ишканасына-189 000 (бир жүз сексен тогуз миң) сом;
-"Аксы трасн Групп" ЖЧК ишканасына-319 400 (үч жүз он тогуз миң төрт жүз) сом;
-" Алан Групп " ЖЧК ишканасына-95 000 (токсон беш миң) сом;
- АО "Ноокат Коммуналщик"ишканасына- 422 310 (төрт жүз жыйырма эки миң үч жүз он) сом;
- "Скай мобайл" ЖЧК ишканасына - 5 155 (беш миң бир жүз элүү беш) сом,
- Ноокат РЭС ишканасына- 24 966 (жыйырма төрт миң тогуз жүз алтымыш алты) сом;
-ЧП Аскаров 92150 (токсон эки миң бир жүз элүү) сом;
- Жалпысы - 1 667 101 (бир миллион алты жүз алтымыш жети миң бир жүз бир) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |