Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-февралы № 3
Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын 1-январына карата үнөмдөлгөн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик Департаментине 2021-жылдын 1-январына карата үнөмдөлгөн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик Департаментине 2021-жылдын 1-январына карата үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен:
-Смета түзүү жана технадзордук кызматтар үчүн - 108 000 (бир жүз сегиз миң) сом; ("ИП Акматов М.Ж")
-Ноокат шаарында суу кудук (скважина) казууга -848 712 (сегиз жүз кырк сегиз миң жети жүз он эки) сом; ("ОсОО Али-хан ")
-Бостон кварталынын мектебинин айланасын көрктөндүрүүгө - 145 363 (бир жүз кырк беш миң үч жүз алтымыш үч) сом; ("ОсОО Грузотрейд")
-Ноокат шаар мэриясына душ бөлмөсүн куруу үчүн -136 931 (бир жүз отуз алты миң тогуз жүз отуз бир) сом; ("ОсОО ДеЛюкс ЛТД")
-Ноокат шаарындагы Кара-Турпак кварталындагы ФАПтын курулуш иштерине (брусчатка, ажаткана) - 429 900 (төрт жүз жыйырма тогуз миң тогуз жүз) сом; ("ОсОО Башня-Строй")
-Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталындагы ФАПтын ремонт иштерине - 53 000 (элүү үч миң ) сом; ("ОсОО Башня-Строй")
-С.Алимбаев көчөсүнө лоток орнотууга - 138 200 (бир жүз отуз сегиз миң эки жүз) сом;
-Бостон кварталындагы мектептин ажатканасына (10 көзөнөктүү) - 595 519 (беш жүз токсон беш миң беш жүз он тогуз) сом; ("ОсОО Яссин КК")
-ММДнин кызмткерлеринин иш бөлмөлөрүн жылытуу үчүна - 17 450 (он жети миң төрт жүз элүү ) сом; ("ОсОО Зыйнат")
-"Суу трубалаырн сатып алуу үчүн" - 286 800 (эки жүз сексен алты миң сегиз жүз ) сом; ("ОсОО Эл Нуру ЛТД")
-Жаны мектептин жана ФАП тын долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу (ПСД) 2019-жыл 126 200 (бир жүз жыйырма алты миң эки жүз) сом; ("ОсОО Контур ПректСтрой")
- Жалпысы - 2 886 075 (эки миллион сегиз жүз сексен алты миң жетимиш беш) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |