Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-февралы № 4
Ноокат шаарынын аймагындагы "Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине" 2021-жыл ичинде атайын эсепте үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы "Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине" 2021-жыл ичинде атайын эсепте үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин" 2021-жыл ичинде атайын эсепте үнөмдөлгөн 1 296 125 (бир миллион эки жүз токсон алты миң бир жүз жыйырма беш) сом акча каражаты шаардын аймагындагы балдар бакчаларына төмөнкүчө бөлүнүп берилсин:
-"Курманжан-Датка" атындагы "Мектепке чейинки билим берүү мекемесине":
-2222- ар түрдүү чыгымдарга 44 440 (кырк төрт миң төрт жүз кырк) сом;
-2221-ремонт иштерине 182 000 (бир жүз сексен эки миң) сом;
-2218-тамак-аш 237 560 (эки жүз отуз жети миң беш жүз атымыш ) сом;
-"У.Салиева" атындагы "Мектепке чейинки билим берүү мекемесине":
-2218-тамак-аш - 158 401 (бир жүз элүү сегиз миң төрт жүз бир) сом;
-2221-ремонт иштерине - 108 089 (бир жүз сегиз миң сексен тогуз) сом;
- "Балапан" атындагы "Мектепке чейинки билим берүү мекемесине":
-2222 ар түрдүү чыгымдарга-13 208 (он үч миң эки жүз сегиз) сом;
-2218- тамак-аш - 194 906 (бир жүз токсон төрт миң тогуз жүз алты) сом;
"Раяна-Нуру " атындагы "Мектепке чейинки билим берүү мекемесине":
-2221 ремонтко- 122 351 (бир жүз жыйырма эки миң үч жуз элүү бир) сом;
-2218 тамак-аш - 127 594 (бир жүз жыйырма жети миң беш жүз токсон төрт) сом;
-2222 ар түрдүү чыгымдарга- 20 076 (жыйырма миң жетимиш алты ) сом;
"Растишка" "Мектепке чейинки билим берүү мекемесине":
-2222 ар түрдүү чыгымдарга-10 601 (он миң алты жүз бир) сом;
-2218 тамак-аш - 76 899 (жетимиш алты миң сегиз жүз токсон тогуз) сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Гафаров |