Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-февралы № 5
Ноокат шаар мэриясына, Ноокат шаардык кеңешине жана Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине белгиленген бир айлык эмгек акынын эки айлык өлчөмүндө материалдык жардам катары берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомуна ылайык Ноокат шаар мэриясына, Ноокат шаардык кеңешине жана Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине белгиленген бир айлык эмгек акынын эки айлык өлчөмүндө материалдык жардам берүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2021-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен штаттык бирдиктеги белгиленген бир айлык эмгек акысынан эки айлык өлчөмүндө материалдык жардам ажыратылып берилсин:
-Ноокат шаар мэриясына:
-701-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 356 020 (үч жүз элүү алты миң жыйырма) сом;
-2121 соц. фонду 61 413 (алтымыш бир миң төрт жүз он үч) сом;
-Ноокат шаардык кеңешине:
-701-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 106 964 (бир жүз алты миң тогуз жүз алтымыш төрт) сом;
-2121 соц. фонду 18 452 (он сегиз миң төрт жуз элүү эки ) сом;
-709-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 17 954 (он жети миң тогуз жүз элүү төрт) сом;
-2121 соц. фонду 3 096 (үч миң токсон алты) сом;
-Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине:
-706-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 173 256 (бир жүз жетимиш үч мин эки жүз элүү алты) сом;
-2121 соц. фонду 29 887 (жыйырма тогуз миң сегиз жүз сексен жети ) сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |