Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-февралы № 7
Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 74-75-76- беренелерине негиз таштандыларды ташып чыгаруу жыйымынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын аймагындагы калктуу конуштардагы жашаган калкка, жеке ишкерлерге жана мекеме-ишканаларга таштандыларды ташып чыгаруу жыйымынын ставкасын бекитүү жөнүндөгү маселени шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясын отурумунда каралып, берген сунушунун негизинде угуп жана талкуулап Ноокат шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 74-75-76- беренелерине негиз таштандыларды ташып чыгаруу жыйымы Ноокат шаардык мэриясынын аймагынын калктуу конуштарда жашаган ар бир кожолукка 100 сомдон, жеке ишкерлерге жана экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн мекеме-ишканаларга, ар бир жумушчуга 100 сомдон бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Абдивахидов Махмуджан Шакировичке милдеттендирилсин.
Төрага | А. Гафаров |