Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-февралы № 8
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 2-февралындагы №01-25/163 сануу сунуш каты жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 2-февралындагы №01-25/163 сануу сунуш каты жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 2-февралындагы №01-25/163 сануу сунуш каты Ноокат шаарынын мэри Ж.А.Нурдинов тарабынан эске алынсын.
2. Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновго катта көрсөтүлгөн кемчиликтерди мындан ары болтурбоо максатында Ноокат шаар мэриясынын тийиштүү кызматкерлерине карата мыйзамда көрсөтүлгөн таасир этүүчү тартиптик чараларды көрүү сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |