Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-февралы № 9
Ноокат шаарынын Бостон кварталындагы курулуп жаткан ФАПка откана, ажаткана жана көмүр төгүүчү жайларын калыбына келтирүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Бостон кварталындагы курулуп жаткан ФАПка откана, ажаткана жана көмүр төгүүчү жайларын калыбына келтирүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Бостон кварталындагы курулуп жаткан ФАПка откана, ажаткана жана көмүр төгүүчү жайларын калыбына келтирүү үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 80 630 (сексен миң алты жүз отуз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |