Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 3
Ноокат шаарынын ичинде жасала турган иштердин долбоордук сметалык документин жасатуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын ичинде жасала турган иштердин долбоордук сметалык документин жасатуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын ичинде жасала турган иштердин долбоордук сметалык документин жасатуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин эсебинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |