Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 4
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын 2018-2025-жылдарга башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндөгү №490-токтомуна ылайык Ноокат шаарынын инженердик-геолигиялык изилдөө долбоорун бүткөөрү үчүн 2021-жылдын иш планына киргизилип ОАО “Кыргыз ГИИЗ” дин түзгөн сметасына ылайык керектелүүчү акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын 2018-2025-жылдарга башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндөгү №490-токтомуна ылайык Ноокат шаарынын инженердик-геолигиялык изилдөө долбоорун бүткөөрү үчүн 2021-жылдын иш планына киргизилип ОАО “Кыргыз ГИИЗ” дин түзгөн сметасына ылайык керектелүүчү акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын 2018-2025-жылдарга башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндөгү №490-токтомуна ылайык Ноокат шаарынын инженердик-геолигиялык изилдөө долбоорун бүткөөрү үчүн 2021-жылдын иш планына киргизилип ОАО “Кыргыз ГИИЗ” дин түзгөн сметасына ылайык керектелүүчү 3 141 793 (үч миллион бир жүз кырк бир миң жети жүз токсон үч) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |