Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-октябры № 114
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл окмотунун жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын III кварталында айыл өкмөттүн бюджетин максаттуу пайдалануу максатында депутаттардын сунуштарынын негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын III кварталында Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнө кемитүү жүргүзүү үчүн Бала бакча бөлүмүнүн 2218 беренесинен 76,8мин сом, атайын каражаттын 2218-беренесинен 412,8мин сом, жалпы 489,6мин сом кемитүү жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бюджетти өзгөртүү жөнүндөгү акча каражатынын эсебин тактоо финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Кадырбеков |