Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 117
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл өкмүтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын IV кварталында айыл өкмөттүн бюджетин максаттуу пайдалануу максатында депутаттардын сунуштарынын негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын IV кварталында Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнөн 417,4мин сомго кемитүү жана толуктоо жүргүзүүлсүн.
2. 2020-жылдын IV кварталына үнөмдөлгөн 417,4мин сом акча каражаттарын Аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине архитектурага, мамкаттоого сапэпид козомол ишканасына ворота куруу жумуштарынын кызмат көрсөтүү кызматтарына жалпы 160,6мин сом, Китепкана бөлүмүнүн 2221 беренесинен 2222 беренесине жабдуу алуу үчүн 10,0мин сом, Маданият бөлүмүнүн 2221 беренесине жылуулук мешин курдурууга 24,0мин сом, 3111 беренесине веранда курууга 96,8мин сом, соц.коргоо бөлүмүнүн 2721 беренесине 50,0мин сом, ЖКХ бөлүмүнүн 2222 беренесине жабдуу үчүн 27,0мин сом, Карчабек шайлоо участкасынын жылытуу системасын кезектеги ремонту үчүн 59,0мин сомго толуктоо киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бюджетти өзгөртүү жөнүндөгү акча каражатынын эсебин тактоо финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.К. Бекмаматов |