Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 119
Асыл тукум аары энелерин чыгаруучу буфердик аймагын башка жака жылдыруу жөнүндө
«Карника» бал аары энелерин чыгаруучу буфердик аймак ачуу үчүн Кызыл-Тоо айыл аймагына караштуу «Байбиче» жайлоосунун Тармал участкасынан «Бал» аарычылар кооперативи жер сурап жаткандыгын колдоо максатында Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 6 чакырылыш 27 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Карника» бал аары энелерин чыгаруучу буфердик аймак ачуу үчүн Кызыл-Тоо айыл аймагына караштуу «Байбиче» жайлоосунун Тармал участкасына жайгашууга уруксат берилсин.
2. Бөлүнгөн жерди мал жайытка тоскоолдук келтирбей ,каашалап тоспоо жагы арыычыларга эскертилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин айыл чарбасы жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына жана жайыт комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | А.К. Бекмаматов |