Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-декабры № 35/1
Чалма айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2020-жылдын 9 айынын ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчету
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Чалма айыл өкмөтүн социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2020-жылдын 9 айынын ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчетун угуп жана талкуулап Чалма айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2020-жылдын 9 айынын ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовго:
-айыл өкмөтүнүн аймагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;
-айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу;
-жамааттык топтор, өз ара жардамдашуу топтору, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен терең байланышта иш алып баруу;
-калкты таза суу. сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды жөнгө салуу жана сарамжалдуу пайдалануу:
-муниципалдык. социалдык обьектилердин өз денгээлинде күтүлүшүнө көнүл буруу
-калктын аярлуу катмары аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жардамдашуу маселелерин жөнгө салуу;
-ички жолдорду, көпүрөлөрдү тартипке келтируу сыяктуу маселелерди колго алуу жактары эске салынсын;
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кенешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Кадыркулов |