Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-декабры № 35/2
Чалма айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетинин 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө
Жергиликтуу өз алдынчы башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына жана 33-беренесинин 3-пунктуна ылайык Чалма айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетинин 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы А.Козуевдин маалыматын угуп жана талкуулап,Чалма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетинин 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы А.Козуевдин берген маалыматы көнүлгө алынсын жана 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен айыл өкмөтү тарабынан мыйзам бузууларга жол берилбей киреше бөлүгү 7 798 582 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Чалма айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Козуевге;
- айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын:
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык Кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Кадыркулов |