Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-декабры № 35/4
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылында жайгашкан Мамыт Абакиров атындагы «Токбай-Талаа» орто мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүү багытында түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорунун өздүк салымына Чалма айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылында жайгашкан Мамыт Абакиров атындагы «Токбай-Талаа» орто мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүү багытында түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорунун маалыматын угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токбай-Талаа айылында жайгашкан Мамыт Абакиров атындагы «Токбай-Талаа» орто мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүү багытында түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорунун өздүк салымына Чалма айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинен 685 311(алты жүз сексен беш мин үч жүз он бир )сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токбай-Талаа айылында жайгашкан Мамыт Абакиров атындагы «Токбай-Талаа» орто мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүү багытында түрткү берүүчү(үлүштүк) грантка жазылган долбоорун колдоп берүү жагы Кара-Кулжа районунун түрткү берүүчү (үлүштүк) грант боюнча комиссиясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч. Алишовго жана Чалма айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Култаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Кадыркулов |