Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-январы № 36/1
Чалма айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 20-бөлүмүнүн 102-беренесине, Чалма айылдык кеңешинин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 1-главасынын 2-пунктуна ылайык, Чалма айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү Чалма айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Козуевдин маалыматын, Чалма айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери менен чыгашалары гранттар ичинде 2021-жылга 11 574 700 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Чалма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде, баалардын деңгээлдеринин, инфляциянын деңгээлинин болуп жаткан башка процесстердин эсебинен келип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы жана чыгымдар арасындагы статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен бул өзгөрүүлор айылдык кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик , саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Кадыркулов |