Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы № 1
“Сары-Таш” таш кенининен мыйзамсыз жер казуулар, посттогу кызматкерлер жана жолду сактоо иш-аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык айыл аймагындагы “Сары-Таш” таш кенининен казылып алынган таштардын эсебине мониторинг жүргүзүүчү пунктунун иш-аракеттерине баа берүү боюнча айтылган дептутаттардын сын-пикири жана жолду сактоо боюнча сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагынынын Үч-Капчал айылындагы “Сары-Таш” таш кенинен чыгарылган 11 камаз таш мыйзамсыз экендигин тактоо жагы тайыл башчысына сунушталсын жана кийинки сессияга жыйынтыгы маалымдалсын.
2. “Сары-Таш” таш кенинен казылып алынган таштардын эсебине мониторинг жүргүзүүчү пунктагы кызматкерлерге чара көрүү жагы айыл өкмөткө сунушталсын.
3. Куршаб-Жалпак-Таш авто жолун сактоо максатында оор жүк ташуучу авто машиналарынын каттамдарын убактылуу токтотуу боюнча ишканаларга маалымдоо жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |