Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-майы № 5
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын бюджеттик тармактарга бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн 1547,2 миц сом акча каражатын тармактарга бөлүштүрүү жөнүндө маселе финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айлдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн 1547,2 миц сом акча каражаты 2020-жылдагы бюджетинин чыгашаларынын төмөндөгү беренелерине жумшалсын;
-бала бакчанын 3111 беренесине -1470,0 мин сом;
-турак-жай комуналдык чарбанын 2214 беренесине-77,2 мин сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |