Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-майы № 6
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын бала-бакчанын атайын каражат эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын бюджеттик тармакка бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бала бакчанын атайын каражат эсебинен үнөмдөлгөн 37,4 миң сом акча каражаттарын тармактарга бөлүштүрүү жөнүндө маселе финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айлдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин бала бакчанын атайын каражат эсебинен үнөмдөлгөн 37,4 миң сом акча каражаты 2020-жылдагы бюджетинин чыгашаларынын төмөндөгү беренесине жумшалсын;
- бала бакчанын атайын каражатынын 2222-беренесине -37,4 сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |