Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-майы № 7
Киров айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналган мемориалдык эстеликтин курулушуна жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына таянып Киров айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналган мемориалдык эстеликтин курулушуна салым катары жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө маселе угулуп талкууланып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Киров айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналган мемориалдык эстеликтин курулушуна салым катары жергиликтүү бюджеттен 300,0 миң сом акча каражаты каралсын.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жана салым кошуу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |