Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-майы № 8
Үч-Каптал айылына мектептин жаңы имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25- 32-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Үч- Каптал айылына Т.Оморкулов атындагы мектептин жаңы имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Үч-Каптал айылына мектептин жаңы имаратын куруу үчүн эски мектептин ордунан жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Мектептин жаңы имаратын куруу үчүн жер аянтын тактап бөлүп берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |