Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-майы № 11
Участкалык милиция кызматкерлерине кызматтык турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25- 32-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Мыйзамынын 18-беренесине таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Түз-Бел айылына участкалык милиция кызматкерлерине кызматтык турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын участкалык милиция кызматкерлерине кызматтык турак жай куруу үчүн Түз-Бел айылынан жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Турак жай куруу үчүн жер аянтын тактап бөлүп берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |