Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-майы № 12
Кен жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервиндеги жерлердин категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобого таянып жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан “Юг и Ко” ЖЧКасына 2019-жылдын 13-майында берилген №6200 ТЕ лизенциясында көрсөтүлгөн жер тилкесин которуу (трансформациялоо) боюнча Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан “Юг и Ко” ЖЧКасына 2019-жылдын 13-майында берилген №6200 ТЕ лизенциясындагы айыл чарба багытындагы 9,41 га жер тилкеси, айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервиндеги жерлердин категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Аталган жер тилкесин которууга (трансформациялоого) тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |